Ирандыктар Тегерандан массалык түрдө кетип жатышат: Каспийдин жээгине бет алышат
8-апрелге караган түнү АКШ президенти Дональд Трамптын “бүтүн бир цивилизацияны жок кылам” деп коркутууларына байланыштуу Тегеран тургундарынын калың катмары Ирандын баш калаасын таштап, түндүктү көздөй бет алышты. деп билдирет New York Times ММКлар «согуш башталгандан берки эң чоң толкундардын бир

8-апрелге караган түнү АКШ президенти Дональд Трамптын “бүтүн бир цивилизацияны жок кылам” деп коркутууларына байланыштуу Тегеран тургундарынын калың катмары Ирандын баш калаасын таштап, түндүктү көздөй бет алышты. деп билдирет New York Times ММКлар «согуш башталгандан берки эң чоң толкундардын бири» деп белгилешет. Ирандыктар Тегерандан чыгып, түндүктөгү Каспий деңизинин жээгине бет алышкан Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандан дүйнөлүк мунайдын бештен бир бөлүгү кадимки убакта өтө турган Ормуз кысыгын ачууну талап кылган. Болбосо, Трамп АКШ Ирандын электр станцияларына, көпүрөлөрүнө жана башка маанилүү инфраструктураларына сокку ура баштайт деп убада кылган. Тегеран Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү энергетикалык объектилерге кол салуу менен коркутуу менен жооп кайтарууда. Трамптын ультиматум берүү мөөнөтү 8-апрелге караган түнү бүтөт


