Ирандык күйөрмандарды киргизүүгө болбойт
Ирандын Футбол федерациясы (FFIRI) дүйнө чемпионатынын матчтарына күйөрмандар үчүн бөлүнгөн билет квотасы алынып салынганын Reuters билдирди "Күтүлбөгөн жерден Ирандын футбол федерациясына бөлүнгөн квота алынып салынды жана азыркы кырдаалда улуттук кураманын күйөрмандарына бир да билетти сунуштоо

Ирандын Футбол федерациясы (FFIRI) дүйнө чемпионатынын матчтарына күйөрмандар үчүн бөлүнгөн билет квотасы алынып салынганын Reuters билдирди "Күтүлбөгөн жерден Ирандын футбол федерациясына бөлүнгөн квота алынып салынды жана азыркы кырдаалда улуттук кураманын күйөрмандарына бир да билетти сунуштоо мүмкүн эмес", — деп айтылат FFIRI билдирүүсүндө "Бул көптөгөн ирандык футбол күйөрмандары расмий жарыяланган процедурага таянып, матчтарга баруу үчүн керектүү пландарды түзүшкөнүнө карабастан", - деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө FFIRI бул чечим үчүн АКШны айыптап, Америка тарап Иран курама командасы турнирдин тайпалык баскычында үч оюн өткөрө турган стадиондордо ирандык күйөрмандардын болушуна саботаж кылганын билдирди Иран тарап Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) белгиленген эрежелерине ылайык, өлкөнүн күйөрмандары оюндарга келүүсү үчүн ар бир беттешке улуттук футбол федерацияларына 8% билеттер бөлүнгөнүн эске салды Буга чейин Ирандын курама командасынын делегациясынын бир бөлүгү, анын ичинде машыктыруучулар 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка чейин америкалык визаларды албаганы белгилүү болгон Белгилей кетсек, турнир 11-июнда башталып, 19-июнга чейин уланат. Иран Бельгия, Египет жана Жаңы Зеландия менен бир тайпада ойнойт


