Вэнс Иран менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда виртуалдык тынчтыкка кол коет
Тынчтык келишимине кол коюу максатында АКШ менен Ирандын делегацияларынын виртуалдык жолугушуусу пландалууда Бул тууралуу “Al Hadath” телеканалы булактарга таянуу менен билдирди Маалыматка ылайык, жолугушууга АКШнын вице-президенти Жей Д.Вэнс менен Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф

Тынчтык келишимине кол коюу максатында АКШ менен Ирандын делегацияларынын виртуалдык жолугушуусу пландалууда Бул тууралуу “Al Hadath” телеканалы булактарга таянуу менен билдирди Маалыматка ылайык, жолугушууга АКШнын вице-президенти Жей Д.Вэнс менен Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибафтын катышуусу күтүлүүдө. Сүйлөшүүлөргө медиаторлор да катышат Телеканалдын дооматына ылайык, тараптар мүмкүн болуучу тынчтык келишиминин текстине виртуалдык форматта кол коюуну караштырууда. Талкууда Ормуз кысыгында кеме каттамдарын калыбына келтирүү жана аймактагы чыңалууну азайтуу маселелери да күн тартибинде экени белгиленди Бирок бул маалыматты Вашингтон да, Тегеран да расмий тастыктай элек. Иран расмийлери буга чейин АКШ менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдиришкени менен, акыркы келишимге жетише электигин баса белгилешкен


