Ирандын футбол федерациясы дүйнө чемпионатына билет квотасы жокко чыгарылганын билдирди
Ирандын футбол федерациясы дүйнө чемпионатына саналуу күн калганда аларга бөлүнгөн билет квотасы жокко чыгарылганын билдирди. Уюм шейшембиде жасаган билдирүүдө айтылгандай, “ирандык күйөрмандар расмий жарыяга ишенип, оюндарга барууну алдын ала пландаган” “Орундардын 8 пайызы турнирге катышып жаткан

Ирандын футбол федерациясы дүйнө чемпионатына саналуу күн калганда аларга бөлүнгөн билет квотасы жокко чыгарылганын билдирди. Уюм шейшембиде жасаган билдирүүдө айтылгандай, “ирандык күйөрмандар расмий жарыяга ишенип, оюндарга барууну алдын ала пландаган” “Орундардын 8 пайызы турнирге катышып жаткан өлкөлөрдүн федерацияларына бөлүнөт. Ага ылайык, федерация улуттук кураманын Жаңы Зеландия, Бельгия жана Египет менен таймаштарга расмий сайтынан билет сата баштаган”, - деп белгиленет билдирүүдө Эл аралык футбол ассоциациясы (ФИФА) жана дүйнө биринчилигинин уюштуруучулары бул кабарга байланыштуу реакциясын айта элек Чемпионат 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт 28-февралда Жакынкы Чыгышта согуш башталгандан кийин Иран командасынын катышуусу бир топ талаш-тартыш менен коштолуп келди 5-июнда АКШнын Түркиядагы элчиси Том Баррак ирандык спортчуларга виза берилгенин ырастаган New York Times гезити америкалык аткаминерлерге таянып, 26 футболчунун арызы канааттандырылганын, бирок команданы тейлеген жана федерациянын өкүлдөрүн кошкондо, бардыгы болуп 10дон көп кишиге виза берилбегенин жазган Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен байланышы бар адамдарды командага “киргизүүгө” аракеттенгенин айткан Май айында ирандык федерациянын бир нече аткаминери, анын ичинде төрагасы Мехди Тажга ФИФАнын Канададагы жыйынына катышуу үчүн виза берилген эмес


