Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдү аяктаганын жарыялады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кайрадан курчуп кетти. Иран Израилдин Ливанга жасаган соккусунан кийин АКШ менен ортомчулар аркылуу билдирүү алмашууну токтоторун билдирди Reuters агенттиги ирандык Tasnim агенттигине шилтеме берип кабарлагандай, Тегерандын сүйлөшүү тобу Израилдин Ливандагы аракеттеринен у

0 көрүүkaktus.media
Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдү аяктаганын жарыялады
Paylaş:

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кайрадан курчуп кетти. Иран Израилдин Ливанга жасаган соккусунан кийин АКШ менен ортомчулар аркылуу билдирүү алмашууну токтоторун билдирди Reuters агенттиги ирандык Tasnim агенттигине шилтеме берип кабарлагандай, Тегерандын сүйлөшүү тобу Израилдин Ливандагы аракеттеринен улам Вашингтон менен билдирүүлөрдү алмашууну токтотууну чечти Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана коргоо министри Израил Катц армияга Хезболла күчтүү позицияга ээ болгон Бейруттун түштүк четиндеги Дахия аймагындагы буталарга сокку урууга көрсөтмө беришкен Израил тарап мындай чечим ок атышпоо режиминин бузулушу жана Израилдин шаарларына кол салуулардан кийин кабыл алынганын билдирди Тегеран Ливандагы ок атышпоо кеңири келишимдердин бир бөлүгү болгон деп эсептейт. Буга байланыштуу иран тарап Бейрутка болгон соккуларды жана Израилдин Ливан менен Газадагы операцияларын сүйлөшүүлөрдү улантуу шарттарын бузуу катары баалайт Tasnim ошондой эле Иран жана аны менен байланышкан күчтөр Ормуз кысыгын жабуу жана Баб эл-Мандеб кысыгындагы иш-аракеттерди активдештирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жазды Дипломатиялык кризистин фонунда Иран менен АКШнын ортосундагы аскердик чыңалуу күч алууда. Америкалык күчтөр Кувейтте америкалык аскерлерди көздөй атылган ирандык эки баллистикалык ракетаны кармашканын АКШнын армиясынын борбордук командачылыгы билдирди. CENTCOM билдиргендей, америкалык аскерлердин арасында жоготуулар болгон жок Буга чейин америкалык командачылык да Ирандын Кувейтке карай атылган ракетасын жана бир нече учкучсуз учактарды Ормуз кысыгы аймагында кармаганын жарыялаган Абалдын курчушу фонунда медиаторлор чыңалууну басаңдатуу аракетин көрүүдө. Ливандын LBC телеканалынын маалыматына караганда, Египет Израил менен Хезболла ортосунда ок атышууну токтотуу үчүн интенсивдүү байланыштарды жүргүзүүдө. Бирок телеканалдын айтымында, бул сүйлөшүүлөр азырынча жыйынтык бере элек

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler