Иран жаңы чабуулдар үчүн АКШны айыптады
Иран Израил менен 8-апрелде ок атышпоо келишиминен кийин жекшембиге караган түндөн бери биринчи жолу өз ара кол салуулар менен Жакынкы Чыгышта кастык аракеттердин кайра жанданышы үчүн АКШны айыптады Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Бекаи бүгүн жумалык маалымат жыйынында:

Иран Израил менен 8-апрелде ок атышпоо келишиминен кийин жекшембиге караган түндөн бери биринчи жолу өз ара кол салуулар менен Жакынкы Чыгышта кастык аракеттердин кайра жанданышы үчүн АКШны айыптады Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Бекаи бүгүн жумалык маалымат жыйынында: «Сионисттик режим АКШ менен алдын ала координациясыз жана кызматташтыксыз кандайдыр бир иш-аракеттерге барарына эч ким ишенбейт. Бекаи: «Сионисттик режимдин аймактагы аракеттерин АКШнын саясаттарынан өзүнчө кароо мүмкүн эмес»,- деди Аба күчтөрүнүн бүгүн эртең менен Ирандын батыш жана борбордук бөлүктөрүндөгү буталарга чабуул жасаганын жарыялагандан кийин Израил армиясы да Йеменден Израилге атылган ракетага бөгөт койгонун жарыялады. Израил армиясы Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө Йеменден Израилдин аймагын бутага алган ракета табылганын жана коркунучту жок кылуу үчүн абадан коргонуу системалары ишке киргизилгенин билдирди Иран Ливандын борбору Бейруттун чет жакаларына кол салган Израилге эки айлык тыныгуудан кийин кечээ кечинде ракеталык чабуулдарды баштады. Ошондон кийин Израил Иранга жооп иретинде кол салууларды баштады. Ирандын расмий маалымат агенттиктери Ирандын куралдуу күчтөрү Израилди бир нече толкун менен ракета учурганын кабарлашты. Израил армиясы биринчи толкундардагы бардык ракеталардын тосулганын жарыялады


