Иран эртең Исламабадда өткөрүлүшү пландалган сүйлөшүүлөргө катышпайт
Tasnim агенттиги тараткан маалыматка караганда, Иран Ислам Республикасы АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышпай турганын чечкиндүү түрдө билдирген. Вашингтондун ыклассыз мамилесинен улам кабыл алынган бул чечим ортомчу Пакистан бийликтери аркылуу даректерине жеткирилди. Тегеран кысым жа

Tasnim агенттиги тараткан маалыматка караганда, Иран Ислам Республикасы АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышпай турганын чечкиндүү түрдө билдирген. Вашингтондун ыклассыз мамилесинен улам кабыл алынган бул чечим ортомчу Пакистан бийликтери аркылуу даректерине жеткирилди. Тегеран кысым жана курчоо астында боло турган диалогдун легитимдүүлүгүн четке кагарын дагы бир жолу далилдеди Иран расмийлери тарабынан жасалган техникалык баалоо сүйлөшүүлөр процессин токтотуунун негиздүү себептерин ачыкка чыгарды. Иран тараптын айтымында, АКШ администрациясы жарыяланган ок атышпоо келишимин биринчи күндөн тарта системалуу түрдө бузган. Айрыкча Ормуз кысыгындагы деңиз блокадасы эл аралык укукка карама-каршы келген «согуш аракети» жана жаңжалдын түздөн-түз себеби катары аныкталды. Бул шарттарда столго отуруу Вашингтондун агрессивдуу саясатына жол ача тургандыгы баса белгиленди Тегерандын тик позициясы жана сүйлөшүү үстөлүнө легитимдүүлүк алып келе албаганынан улам АКШ тарапта дүрбөлөң атмосферасы өкүм сүрдү. Аймакка сүйлөшүү үчүн келмекчи болгон АКШнын вице-президенти Дж. Вэнс ирандык делегация катышпай тургандыгы анык болгондон кийин Пакистанга визитинен баш тартууга туура келди


