Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү: АКШ менен меморандумга эртең кол коюлбайт, күтүшүбүз керек
АКШ менен Ирандын ортосундагы түшүнүшүү меморандумуна жакынкы күндөрү кол коюлушу мүмкүн, бирок ал эртең болбойт Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багай билдирди "Меморандумга качан кол коюларын күтүп, көрүшүбүз керек. Бул эртең болбойт, бирок жакынкы арада

АКШ менен Ирандын ортосундагы түшүнүшүү меморандумуна жакынкы күндөрү кол коюлушу мүмкүн, бирок ал эртең болбойт Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багай билдирди "Меморандумга качан кол коюларын күтүп, көрүшүбүз керек. Бул эртең болбойт, бирок жакынкы арада кол коюларын жокко чыгарууга болбойт", - деди Багай Анын айтымында, Вашингтондун позициясынын белгисиздигинен улам процесс тууралуу билдирүүлөрдө этият болуу зарыл "Экинчи тараптын олку-солку жүрүм-турумун эске алуу менен, биз бул процесске карата ар кандай комментарийлерде этият болушубуз керек", - деп баса белгиледи Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бекай ошондой эле АКШнын регионалдык окуялар боюнча айрым позицияларына токтолуп, Вашингтондун айрым маселелер боюнча Тегеран менен пикир келишпестиги Иран үчүн көйгөй жаратпай турганын айтты "Кошмо Штаттардын кээ бир маселелерде макул эместиги биз үчүн көйгөй эмес. Биз өзүбүздүн кызыкчылыктарыбыздын негизинде жана эл аралык укуктун алкагында иш алып барышыбыз керек. Эгерде улуттук кызыкчылыктарыбыз ушуну талап кылып, биздин кадамдарыбыз эл аралык мыйзамдарга ылайык экенин көрсөк, ошол багытта иш алып барабыз", - деп кошумчалады ал


