Иран тарап байытылган уранды талкуулоону азыркы этапта маанисиз деп эсептейт
Иран бийликтери АКШ менен кыйыр сүйлөшүүлөрдүн азыркы этабында өтө байытылган уран маселесин талкуулоо жыйынтык бербейт деп эсептейт Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багай билдирди "Биз Ирандагы өтө байытылган уран м

Иран бийликтери АКШ менен кыйыр сүйлөшүүлөрдүн азыркы этабында өтө байытылган уран маселесин талкуулоо жыйынтык бербейт деп эсептейт Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багай билдирди "Биз Ирандагы өтө байытылган уран маселеси боюнча өз позициябызды абдан ачык айттык. Эгерде азыркы этапта бул маселелерди талкуулоого аракет кылсак, жыйынтыкка жетише албайбыз", - деди Багай Анын айтымында, буга чейин тараптар бул маселе боюнча диалог жүргүзүүгө аракет кылышканы менен, олуттуу пикир келишпестиктерден улам макулдашууга жетишилген эмес Багай кошумчалагандай, АКШ "акылсыз талаптары менен сүйлөшүү процессин үзгүлтүккө учуратып, Иранга кол салуу менен кылмыш кылды"

