Иран өнөктөштөрү менен Трамп менен келишимди талкуулады. Ал эми катарлык сүйлөшүүчүлөр Тегеранда
Иран, Кытай жана Орусиянын элчилери Тегеранда жолугушуу өткөрүп, анда Вашингтон менен өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумду талкуулашты. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади X социалдык тармагында билдирди «Иран, Кытай жана Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөк

Иран, Кытай жана Орусиянын элчилери Тегеранда жолугушуу өткөрүп, анда Вашингтон менен өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумду талкуулашты. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади X социалдык тармагында билдирди «Иран, Кытай жана Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, ошондой эле үч өлкөнүн ортосундагы координация жана өз ара аракеттенүү тыгыз негизде уланат», - деди ал Ал эми Reuters маалымат булактарына таянып, Катардын сүйлөшүүчүлөрү 14-июнда эртең менен Тегеранга АКШ менен Ирандын ортосундагы чыр-чатакты токтотуу боюнча келишимди жыйынтыктоо үчүн келишкенин кабарлады Үч айдан ашык убакытка созулган жаңжалды токтотуу боюнча келишимге 14-июнда эле кол коюлушу мүмкүн деп жазат агенттик 12-июнда Ирандын Mehr агенттиги булакка таянып, АКШ менен Ирандын ортосундагы меморандумдун долбоорун жарыялады. Келишимде согушту токтотуу, санкцияларды алып салуу жана Ормуз кысыгын ачуу маселелери камтылган 14 пункт бар. АКШ президенти Дональд Трамп кечээ Вашингтон менен Тегеран тынчтык келишимине 14-июнда кол коюшу мүмкүн деп билдирди.Анын айтымында, келишим түзүлгөндөн кийин АКШ Иран жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен узак мөөнөттүү кызматташууга үмүт артып жатат. Ошол эле учурда Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багай келишимге 14-июнда кол коюлган деген маалыматты четке кагып, бул жакынкы күндөрү болушу мүмкүн экенин белгиледи


