Иран Израилге чабуулун токтотту
Бул тууралуу «Ynet» Ирандын «Фарс» агенттигине шилтеме берүү менен билдирди Бирок ошол эле учурда Ливандагы кырдаал курчуп кетсе, жаңы чабуулдар менен коркутту “Иран куралдуу күчтөрү Израилге каршы согуштук операцияларын токтоткондугун жарыялады”,-деп айтылат маалыматта Ошол эле маалда Тегеранда

Бул тууралуу «Ynet» Ирандын «Фарс» агенттигине шилтеме берүү менен билдирди Бирок ошол эле учурда Ливандагы кырдаал курчуп кетсе, жаңы чабуулдар менен коркутту “Иран куралдуу күчтөрү Израилге каршы согуштук операцияларын токтоткондугун жарыялады”,-деп айтылат маалыматта Ошол эле маалда Тегеранда Израиль армиясы Ливандагы “Хезболла” тобуна каршы аскердик операцияларын уланта берсе, Иран дагы катуу жооп кайтарары баса белгиленди Белгилей кетсек, 7-июндан 8-июнга караган түнү Иран Израилге ракеталык чабуул жасаган. Тегеран чабуулун Израилдин Коргоо күчтөрүнүн Ливандагы "Хезболла" радикал уюмуна каршы уланып жаткан операциясына негиздеди. Буга жооп иретинде Израилдин армиясы Ирандын борбордук жана батыш аймактарындагы аскерий объектилерге чабуул жасаган. АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен Израилди сабырдуулукка чакырды Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат

