Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкяндан
Азербайжан Республикасынын Президенти Улуу Даражалуу господин Илхам Алиевге Сизди жана сиздин элиңизди Азербайжан Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм Иран жана Азербайжан элдеринин тарыхы, цивилизациясы, маданияты, дини жана тили боюнча көптөгөн жалпы

Азербайжан Республикасынын Президенти Улуу Даражалуу господин Илхам Алиевге Сизди жана сиздин элиңизди Азербайжан Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм Иран жана Азербайжан элдеринин тарыхы, цивилизациясы, маданияты, дини жана тили боюнча көптөгөн жалпылыктар бар. Бул жалпы байланыштар биздин елкелерубуздун элдеринин ортосундагы достукту чыцдап жана бузулбас кылып. Биздин бузулбас байланыштарыбыз эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн бекем негиз болуп келгени талашсыз Азербайжан Республикасы кайрадан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, Иран Ислам Республикасы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелердин өнүгүшүнө ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Биз бүгүн биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерде биздин элдерибиздин каалоолоруна жана кыялдарына ылайык динамикалык процесске күбө болуп жатканыбызга кубанычтабыз Эки тараптуу, аймактык жана эл аралык маселелердин кеңири спектрин камтыган бул динамикалык процесс мындан да жогорку ылдамдыкта уланат деп ишенем Улуу Кудайдан Сизге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Азербайжан Республикасынын элине бакубатчылык жана тынчтык каалайм 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек


