"Иран эч качан өзөктүк куралга ээ болбойт" - Трамп
"АКШ менен Ирандын ортосунда жетишилген келишим экинчи этапка кирди жана бул мурункуга караганда жеңил болот" Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдиргенин 525.az жазды "Иран менен келишим түзүлдү жана анын ийгиликтүү болоруна ишенебиз. Азыр ал экинчи фазага өтүп жатат жана мен бул фаза

"АКШ менен Ирандын ортосунда жетишилген келишим экинчи этапка кирди жана бул мурункуга караганда жеңил болот" Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдиргенин 525.az жазды "Иран менен келишим түзүлдү жана анын ийгиликтүү болоруна ишенебиз. Азыр ал экинчи фазага өтүп жатат жана мен бул фаза чындыгында жеңилирээк болот деп ойлойм. Мен өткөн аптада аларга (Иранга) кол салгым келген жок, бирок бизде башка арга жок болчу", - деди Трамп Анын айтымында, келишимдин алкагында Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна тыюу салынат. Болбосо Тегеран болуп көрбөгөндөй оор кесепеттерге дуушар болот "Иран эч качан өзөктүк куралга ээ болбойт. Алар өзөктүк куралды чыгарышпайт, сатып алышпайт жана ага байланыштуу эч нерсе жасашпайт. Эгер андай болсо, алар укмуштуудай кесепеттерге дуушар болушат. Ошол себептен мен келишимге кол коюуга макул болдум", - деди америкалык лидер Франциядагы Чоң жетиликтин саммитинин алкагында журналисттерге


