Иран аба мейкиндигин жапты
Иран бийликтери коопсуздук максатында өлкөнүн батыш бөлүгүндөгү аба мейкиндигин кийинки билдирүүгө чейин жабууну чечти Бул тууралуу Ирандын жарандык авиация уюмунун өкүлү Мажид Ахван билдирди, деп маалымдайт Modern.az «Коопсуздукка баа берүүдөн жана NOTAM берилгенден кийин өлкөнүн батыш аба мейк

Иран бийликтери коопсуздук максатында өлкөнүн батыш бөлүгүндөгү аба мейкиндигин кийинки билдирүүгө чейин жабууну чечти Бул тууралуу Ирандын жарандык авиация уюмунун өкүлү Мажид Ахван билдирди, деп маалымдайт Modern.az «Коопсуздукка баа берүүдөн жана NOTAM берилгенден кийин өлкөнүн батыш аба мейкиндиги белгисиз мөөнөткө жабылды», - деп кошумчалады ал Ахван ирандыктарды аба майдандарына жөнү жок барбоого жана учактар тууралуу маалыматты массалык маалымат каражаттары аркылуу байкоого чакырды Белгилей кетсек, Иран ок атышпоо келишиминен кийин биринчи жолу Израилди ракета менен аткылаган


