Иран уранды суюлтууга даяр
The New York Times гезитинин жазганына караганда, АКШ менен Ирандын ортосундагы потенциалдуу өзөктүк келишим уранды байытууну 15 жылга токтотууну камтыйт Негизги компромисс Иран буга чейин топтоп алган өзөктүк отундун тагдыры болушу мүмкүн. Тегеран запастарды чет өлкөгө өткөрүп берүүнүн ордуна МАГ

The New York Times гезитинин жазганына караганда, АКШ менен Ирандын ортосундагы потенциалдуу өзөктүк келишим уранды байытууну 15 жылга токтотууну камтыйт Негизги компромисс Иран буга чейин топтоп алган өзөктүк отундун тагдыры болушу мүмкүн. Тегеран запастарды чет өлкөгө өткөрүп берүүнүн ордуна МАГАТЭ менен тыгыз кызматташып, аларды өз ичине суюлтат Кошумчалай кетсек, келишимдердин долбоорлорунда Ирандын айрым өзөктүк объектилерин демонтаждоо жана эл аралык байкоочулар тарабынан “тез текшерүү” режимин киргизүү камтылган АКШ Ирандын карамагындагы уранды байытуу деңгээлин азайтуу үчүн Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен кызматташууга жана бул иште активдүү роль ойноого ниеттенүүдө. Бирок Тегеран АКШ байкоочу гана боло алат деп ишендирүүдө. Иран бийликтери өздөрүнүн уран корлорунан баш тартууга даяр экенин ачык ырастай элек


