Иран АКШнын ок атышпоо сунушун четке кагып, жаңжалды биротоло токтотууну талап кылды
Иран АКШнын сунушуна согушту токтотуу боюнча 10 пункттан турган план менен жооп берди IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, жооп Пакистан аркылуу жөнөтүлгөн Маалыматка ылайык, 10 пункттан турган жоопто Иран буга чейинки тажрыйбаларды эске алуу менен ок атышпоо келишимин четке какты жана өз кызыкчы

Иран АКШнын сунушуна согушту токтотуу боюнча 10 пункттан турган план менен жооп берди IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, жооп Пакистан аркылуу жөнөтүлгөн Маалыматка ылайык, 10 пункттан турган жоопто Иран буга чейинки тажрыйбаларды эске алуу менен ок атышпоо келишимин четке какты жана өз кызыкчылыктарын эске алуу менен согушту биротоло токтотуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи Жооп Иран тараптан бир катар талаптарды камтыйт, анын ичинде аймактагы согуштук аракеттерди токтотуу, Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүү протоколу, Иранга кол салууларда талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүү жана санкцияларды алып салуу Кабарда «10 пункттан турган пландын тексти Ирандын батыш жана борбордук аймактарында ишемби жана жекшемби күндөрү болгон окуялардан жана АКШнын тик учагынын конуу операциясынын ийгиликсиздигинен кийин берилгени» айтылат


