Иран АКШнын тик учагын атып түшүрдү
АКШ тарап алардын согуштук тик учагы ирандык учкучсуз учак тарабынан атып түшүрүлгөндөн кийин Ормуз кысыгына жакын жерде кыйраган деп эсептейт. Америкалык тергөөчүлөр ирандык күчтөр тик учакты атайылап атып түшүрүүгө аракет кылганбы же жокпу билбейт Бул тууралуу АКШнын “Axios” порталынын жана Израи

АКШ тарап алардын согуштук тик учагы ирандык учкучсуз учак тарабынан атып түшүрүлгөндөн кийин Ормуз кысыгына жакын жерде кыйраган деп эсептейт. Америкалык тергөөчүлөр ирандык күчтөр тик учакты атайылап атып түшүрүүгө аракет кылганбы же жокпу билбейт Бул тууралуу АКШнын “Axios” порталынын жана Израилдин “13-каналынын” кабарчысы Барак Равид “X” социалдык түйүнүндө билдиргенин Modern.az сайты билдирди "Америкалык аткаминердин мага берген маалыматына караганда, иликтөө учурунда ирандык учкучсуз учак АКШнын тик учагын атып түшүргөнү жана бул кырсыкка себепкер болгону аныкталган. Америкалык аткаминердин айтымында, тергөө азырынча атайылаппы же кокустуктанбы, аныктай элек", - деп белгиледи ал АКШнын президенти Дональд Трамп "TruthSocial" каналына "AH-64 Apache" тик учагы Ормуз кысыгынан Иран күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөнүн билдирди


