"iPhone 18 Pro Max" ичке болбойт
Apple тарабынан 2026-жылы сунушталышы күтүлүп жаткан iPhone 18 Pro Max моделине карата жаңы доомат пайда болду. Маалыматтарга караганда, компания бул жолу да флагмандык смартфондун калыңдыгын азайтууну пландаган эмес. Ишенимдүү маалыматы менен белгилүү болгон Ice Universe тараткан маалыматка караган

Apple тарабынан 2026-жылы сунушталышы күтүлүп жаткан iPhone 18 Pro Max моделине карата жаңы доомат пайда болду. Маалыматтарга караганда, компания бул жолу да флагмандык смартфондун калыңдыгын азайтууну пландаган эмес. Ишенимдүү маалыматы менен белгилүү болгон Ice Universe тараткан маалыматка караганда, iPhone 18 Pro Max моделинин калыңдыгы 8,75 мм болот. Бул көрсөткүч iPhone 17 Pro Max менен бирдей жана учурдагы iPhone 16 Pro Maxтын 8,25 мм калыңдыгынан жогору. Кызыгы, ошол эле булак март айында аппараттын калыңдыгы 8,8 мм болот деп ырастаган. Акыркы маалыматтар Apple моделге кошумча өзгөртүүлөрдү киргизбегенин көрсөтүп турат Ачыкка чыккан маалыматка ылайык, Apple бул жылы негизги көңүл iPhone 18 Pro Max эмес, биринчи бүктөлүүчү iPhone моделине бурулган. Ар кандай булактар бул аппаратты "iPhone Ultra" же "iPhone Fold" деп аташат. Дооматтарга ылайык, iPhone 18 Pro Max дизайнында олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт, анткени компания жаңы рынокко чыга турган бул продуктуну өнүктүрүүгө көбүрөөк ресурстарды жумшаган. Белгилей кетсек, Ice Universe буга чейин iPhone моделдеринин өлчөмдөрү тууралуу так маалымат бөлүшүү менен белгилүү болгон. Расмий бет ачарына дагы көп убакыт бар болсо да, iPhone 18 Pro Max жука денеге ээ болбойт окшойт


