Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Акыйкатчы институту адилет соттук териштирүү укугун камсыздоо боюнча стратегияны иштеп чыгууну сунуштады

Бишкек (АКИpress) – Акыйкатчы институту адилет соттук териштирүү укугунун стандарттарын илгерилетүү боюнча стратегияны иштеп чыгууну сунуштап жатат, деп билдирди Акыйкатчынын басма сөз кызматы Мындай чечим Жогорку Кеңештин, сот тутумунун, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин, Адвокатуранын

0 көрүүakipress.org
Акыйкатчы институту адилет соттук териштирүү укугун камсыздоо боюнча стратегияны иштеп чыгууну сунуштады
Paylaş:

Бишкек (АКИpress) – Акыйкатчы институту адилет соттук териштирүү укугунун стандарттарын илгерилетүү боюнча стратегияны иштеп чыгууну сунуштап жатат, деп билдирди Акыйкатчынын басма сөз кызматы Мындай чечим Жогорку Кеңештин, сот тутумунун, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин, Адвокатуранын, укук коргоо уюмдарынын жана эл аралык түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн диалогдун жыйынтыгында кабыл алынды Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдиргендей, адилет соттук териштирүү укугу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун негизги кепилдиктеринин бири болуп саналат Жыйындын жыйынтыгында адилет соттук териштирүү укугун камсыздоо маселелери боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Анын курамына Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин, Адвокатуранын, жарандык сектордун жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү кирет. Зарылчылыкка жараша Ички иштер министрлигинин, УКМКнын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү тартылат Жумушчу топ адилет соттун стандарттарын илгерилетүү боюнча стратегиянын долбоорун даярдайт Институттун маалыматы боюнча, 2025-жылы соттук териштирүүгө байланыштуу 816 кайрылуу жана даттануулар түшкөн. Алардын 572синде сот процесстерине мониторинг жүргүзүү өтүнүчү камтылган

Diğer Haberler