Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

КР Акыйкатчы институту ЖРТ учурунда абитуриенттердин укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту 17-майдан 23-майга чейин өткөн жалпы республикалык тестирлөөдө абитуриенттердин укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүздү Мониторинг өлкөнүн бардык аймактарын камтып, 40 тестирлөө борборунда өттү Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн тестир

0 көрүүknews.kg
КР Акыйкатчы институту ЖРТ учурунда абитуриенттердин укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүздү
Paylaş:

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту 17-майдан 23-майга чейин өткөн жалпы республикалык тестирлөөдө абитуриенттердин укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүздү Мониторинг өлкөнүн бардык аймактарын камтып, 40 тестирлөө борборунда өттү Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн тестирлөөнүн жеткиликтүүлүгү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Институттун кызматкерлери тестирлөөгө тоскоолдуксуз кирүү үчүн зарыл шарттардын болушун, басмырлоого жол бербөө принциптеринин сакталышын жана маалыматтын жеткиликтүүлүгүн текшеришти Белгилей кетсек, мүмкүнчүлүгү чектелген бүтүрүүчүлөр атайын бөлүнгөн мектептерде гана сынактан өтүшкөн Алым Усман атындагы No7 орто мектеп Манас шаарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн бөлүнгөнү менен ал жерде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес. Сынак өтүүчү аудитория имараттын үчүнчү кабатында жайгашкандыктан, сынакка катышкан бүтүрүүчүнү колтугуна көтөрүүгө туура келген Ошол эле учурда Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо жана Бишкек шаарындагы No24 орто мектептерде жакшы иштер айтылды. Бул окуу жайларда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген экзаменге катышуучулар үчүн тиешелүү инфраструктурадан тышкары ассистент жана сурдокотормочу даярдалган Мониторингдин жыйынтыгы менен “Акыйкатчы” институту тиешелүү органдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген абитуриенттердин муктаждыктарын алдын ала эске алууну жана имараттардын биринчи кабаттарында сынактарды уюштурууну сунуштайт Мындан тышкары, «Акыйкатчы» институтунун кызматкерлери тестирлөөнүн кечеңдешинен жана канааттандырарлык эмес шарттардан, анын ичинде жакын жердеги курулуш объектисине байланыштуу ызы-чуу жана чаңдан улам социалдык тармактарда даттануулар болгон No64 жана No103 мектептерде болушту Аудиттин жыйынтыгы боюнча бул жагдайлар абитуриенттердин укуктарынын бузулушуна алып келбегендиги жана тестирлөө процессине таасирин тийгизбегени аныкталган Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен «Акыйкатчы» институтуна уюштуруучулардын аракеттерине байланыштуу бир арыз келип түшкөн. Бул өтүнүч боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү иликтөө жүргүзүлөт

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler