Унааны адамдардын үстүнөн айдап кеткен адам психологиялык жактан жабыркаган
Германиянын Лейпциг шаарында белгисиз бирөө унаа менен элди сүзүп кеткенин кабарлаганбыз 525.az чет элдик басылмаларга шилтеме берип кабарлагандай, окуядан кийин жергиликтүү полиция айдоочуну дароо камакка алган Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө анын психологиялык жактан жабыркаганы аныкталып, соттун

Германиянын Лейпциг шаарында белгисиз бирөө унаа менен элди сүзүп кеткенин кабарлаганбыз 525.az чет элдик басылмаларга шилтеме берип кабарлагандай, окуядан кийин жергиликтүү полиция айдоочуну дароо камакка алган Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө анын психологиялык жактан жабыркаганы аныкталып, соттун чечими менен психиатриялык ооруканага жаткырылган. 33 жаштагы аты аталбаган адам бул жерде бир канча убакытка чейин милдеттүү түрдө дарылануу курсунан өтөт Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү Баку убактысы боюнча саат 17:45те Гриммайш Штрассе көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү жерден жеңил унаа бир нече адамды сүзүп кеткен Кырсыктын кесепетинен 63 жаштагы аял жана 77 жаштагы эркек киши окуя болгон жерде каза болгон. 6 адам жарадар болгон. Алардын экөөнүн абалы оор. Мындан сырткары окуяга күбө болгон 80ге жакын адамга дарыгерлер жана психологдор психологиялык жардам көрсөтүштү Айта кетсек, айдоочу унааны токтотуп, кырсык болгондон кийин дароо милиция кызматкерлерине багынып берген


