Tenqri
Башкы бет
Экономика

Кыргызстандын текстиль кластерин түзүү демилгесин ШКУ өлкөлөрү колдойт -

Кыргызстандын текстиль кластерин түзүү демилгесин ШКУ өлкөлөрү колдоого алды. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бирдиктүү текстиль кластерин түзүү боюнча макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу сунушу Чолпон-Атада

0 көрүү24.kg
Кыргызстандын текстиль кластерин түзүү демилгесин ШКУ өлкөлөрү колдойт -
Paylaş:

Кыргызстандын текстиль кластерин түзүү демилгесин ШКУ өлкөлөрү колдоого алды. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бирдиктүү текстиль кластерин түзүү боюнча макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу сунушу Чолпон-Атада аяктаган ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай министрлеринин жыйынынын катышуучулары тарабынан бир добуштан колдоого алынганы такталды Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, тиешелүү бөлүмдүн башчысы Бакыт Сыдыковдун айтымында, жолугушуу конструктивдүү жана иштиктүү маанайда өтүп, өнөр жай кооперациясын жана технологиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашууларга жетишүүгө мүмкүндүк берди "Бүгүнкү күндө ШКУнун алкагында өнөр жай кооперациясы сапаттык жаңы деңгээлге чыгууда. Жетишилген макулдашуулар биргелешкен өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашырууга, технологиялык алмашууну кеңейтүүгө, логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана улуттук экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга бекем негиз түзүүдө", - деди ал Тараптар өнөр жай кооперациясын активдештирүү, индустриалдык парктар менен атайын экономикалык аймактардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырууда алдыңкы технологиялар жана тажрыйба алмашууну кеңейтүү, экологиялык жактан туруктуу жана ресурстарды үнөмдөөчү өнөр жайды өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча макулдашышты

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler