Англиядагы саясий жер титирее! Стармерди отставкага кетирүү үчүн кысым күчөдү
Великобританиянын башкаруучу Лейбористтик партиясында премьер-министр Кейр Стармерди отставкага кетируу учун кысым кучетуп жатат. Британ басмасы 70тен ашык депутат Стармердин жергиликтүү шайлоолордогу оор жеңилүүсүнөн кийин кызматтан кетишин каалаганын жазды Өкмөттүк булактардан алынган маалыматка

Великобританиянын башкаруучу Лейбористтик партиясында премьер-министр Кейр Стармерди отставкага кетируу учун кысым кучетуп жатат. Британ басмасы 70тен ашык депутат Стармердин жергиликтүү шайлоолордогу оор жеңилүүсүнөн кийин кызматтан кетишин каалаганын жазды Өкмөттүк булактардан алынган маалыматка караганда, Стармердин кызматтан кетишин талап кылгандардын арасында тышкы иштер жана ички иштер министрлери да бар экени айтылган. Бирок өкмөттүк тарап отставкага кетүүнү каалагандар министрлер кабинетинде азчылыкты түзөрүн жүйө келтирди Стармердин кызматтан кетишин каалаган Эмгек партиясынын депутаттарынын санынын 77ге жеткени билдирилсе, кээ бир депутаттар да министр кеңешчиси кызматынан баш тартышты. Вице-премьер-министр жана министрлер кабинетинин кеңешчилери, ички иштер, саламаттыкты сактоо жана экология министрликтеринде иштеген кеңешчилердин орун басарлары да Стармерге каршы позицияны карманышканы айтылды 7-майда болгон жергиликтүү шайлоолордо жана Шотландия менен Уэльсте өткөн аймактык парламенттик шайлоолордо Лейбористтик партиянын күтүлгөндөй болбой калганы партия ичиндеги лидерлик талаш-тартыштарын кайрадан жандантты. Жакынкы күндөрдө Стармерге болгон басым дагы да күчөшү мүмкүн деп болжолдонууда


