Анжиянда үйүндө кумар оюндарын уюштурган жарандар кармалды (видео)
Анжиян облусунун Жалакудук районундагы турак жайдын биринде кумаркана уюштуруп, кокустук оюндарын ойногон жарандар кармалганын ИИМ билдирди Министрликтин маалыматына караганда, укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Жалалкудук районунун тургуну үйүндө бир топ жаранд

Анжиян облусунун Жалакудук районундагы турак жайдын биринде кумаркана уюштуруп, кокустук оюндарын ойногон жарандар кармалганын ИИМ билдирди Министрликтин маалыматына караганда, укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Жалалкудук районунун тургуну үйүндө бир топ жарандарды чогултуп, акчалай пайда көрүү максатында кумар оюндарын жана башка оюндарды уюштурганы аныкталган Операциянын жүрүшүндө аталган даректен 28 даана оюн картасы жана кумар оюндарынын чөйрөсүнөн 740 000 сом акча каражаты алынып, күбөлөрдүн катышуусунда далил катары документтештирилген Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү, кумар оюндарын жана башка кокустук оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат Буга чейин Ташкенттин Алмазар районунда рейд учурунда кумаркананын иши токтотулган


