Кытайда суу ташкынынан улам төртүнчү даражадагы өзгөчө кырдаал жарыяланды
Кытайдын Суу ташкын жана кургакчылыкты башкаруу боюнча мамлекеттик штабы Хубэй жана Чунцин провинцияларында суу ташкындарын көзөмөлдөө үчүн төртүнчү даражадагы өзгөчө кырдаалды жарыялады Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты Хубэ

Кытайдын Суу ташкын жана кургакчылыкты башкаруу боюнча мамлекеттик штабы Хубэй жана Чунцин провинцияларында суу ташкындарын көзөмөлдөө үчүн төртүнчү даражадагы өзгөчө кырдаалды жарыялады Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты Хубэй провинциясында селдин алдын алуу үчүн аймакка атайын топ жөнөтүлдү Мындан тышкары, штаб 23-27-май күндөрү негизги аймактарда күтүлүп жаткан жаан-чачындын жаңы толкунуна байланыштуу суу ташкындарына каршы чараларды көрүү боюнча тиешелүү министрликтер жана мекемелер менен кеңешме өткөрдү Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайдын борбордук бөлүгүндө нөшөрлөп жааган жамгырдан каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун саны жетиге жетти Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


