Кытай АКШны санкцияларды кыянаттык менен пайдаланууну токтотууга чакырды
"Кытай АКШны санкцияларды кыянаттык менен пайдалануу боюнча мыйзамсыз практикасын токтотууга үндөйт" Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Лин Цзянь "Иран менен болгон мамилесинен" улам Кытайдын мунай иштетүүчү заводуна каршы АКШнын санкцияларына комментарий берип жатып билд

"Кытай АКШны санкцияларды кыянаттык менен пайдалануу боюнча мыйзамсыз практикасын токтотууга үндөйт" Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Лин Цзянь "Иран менен болгон мамилесинен" улам Кытайдын мунай иштетүүчү заводуна каршы АКШнын санкцияларына комментарий берип жатып билдирди Дипломат Кытай эл аралык укукка негизделбеген бир тараптуу, мыйзамсыз санкцияларга дайыма каршы экенин баса белгиледи. Ал Пекин өз компанияларынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын чечкиндүү түрдө коргой турганын кошумчалады


