Илхам Алиев Токаевди туулган күнү менен куттуктады
Азербайжандын президенти Илхам Алиев 17-майда казак кесиптеши Касим-Жомарт Токаевге телефон чалган Бул тууралуу Азербайжандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады Мамлекет башчы президент Касим-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, ишинде ийгиликтерди, ал эми боорд

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 17-майда казак кесиптеши Касим-Жомарт Токаевге телефон чалган Бул тууралуу Азербайжандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады Мамлекет башчы президент Касим-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине гүлдөп-өнүгүүнү жана прогрессти каалады Казакстандын Президенти көңүл буруу жана чын жүрөктөн куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирди Телефондук сүйлөшүүдө Азербайжан менен Казакстандын ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер ийгиликтүү өнүгүп жатканы баса белгиленип, түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүү боюнча пикир алмашылды Мамлекет башчылары ошондой эле 15-майда байыркы Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттери уюмунун бейрасмий саммитин канааттануу менен эскерип, ал иш-чаранын түрк дүйнөсүндөгү тилектештикти жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жагынан маанисин белгилешти Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


