Нөшөрлөгөн жамгыр дагы бир облуста болду: Жолдор көлгө айланып, жарандар тыгынга учурады
Метеорология башкы башкармалыгы катуу жамгыр эскерткен Хатайда кечинде башталган жамгыр күнүмдүк жашоого терс таасирин тийгизди. Шаардын жээк сызыгында башталып, облустун бардык аймагына жайылган ашыкча жаандан улам Антакия жана Дефне райондорунда сел жана суу ташкындары болду Жолдо калып калган а

Метеорология башкы башкармалыгы катуу жамгыр эскерткен Хатайда кечинде башталган жамгыр күнүмдүк жашоого терс таасирин тийгизди. Шаардын жээк сызыгында башталып, облустун бардык аймагына жайылган ашыкча жаандан улам Антакия жана Дефне райондорунда сел жана суу ташкындары болду Жолдо калып калган айдоочуларга жардам берген Мемош Күйчү аттуу жаран: "Унаалары менен жолдо калып калган үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн бул жерде эвакуатор досторубуз менен күтүп жатабыз. Суудан тыгылып калган үй-бүлөгө унаадан чыгууга жардам бердик" деди Антакия районунда катуу жааган жамгырдан улам айланма жол көлгө айланды. Көптөгөн унаалар бузулуп, жолдо калды. Аймакка жөнөтүлгөн эвакуаторлор жана жанындагы адамдардын жардамы менен ичиндеги унаалар жана жарандар куткарылды Жамгырдан катуу жабыркаган жерлердин бири Дефне району болду. Чекмече районунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам көп кабаттуу үйдү суу каптады Хатай мэриясынын өрт өчүрүү бөлүмдөрү имаратта камалып калган майып жарандардын билдирүүсү боюнча окуя болгон жерге жөнөтүлдү. Топтордун тынымсыз аракети менен камалып калган жарандар аман-эсен эвакуацияланды Шаардагы аба ырайынын абалына баа берген Хүсейин Хатуноглу аттуу жаран: "Май айы болгону менен жаан-чачын катуу болуп жатат. Былтыр кургакчылык болгон, бирок быйыл Кудайга шүгүр, жамгыр көп болуп жатат. Жаан-чачындын көп болушунан улам чуңкурларга суу толуп, мындай аба ырайында айдоочулар дагы сак жана этият болушу керек",- деди Облус боюнча таасирдүү болгон жаан-чачындуу аба ырайы эртең мененки сааттарга чейин улана турганын билдирип, жарандарды сел, суу ташкын жана транспорттун үзгүлтүккө учурашына каршы сак болууну эскертти


