Бишкектеги IBC Summer Fest бизнестин, мамлекеттик органдардын жана дипломатиялык корпустун жүздөгөн өкүлдөрүн чогултту
Эл аралык Ишкер Кеңеши (ЭИК) жылдык IBC Summer Fest 2026 фестивалын өткөрдү. Иш-чарага бизнестин, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун жана эксперттик коомчулуктун 400дөн ашык өкүлдөрү катышты Дагы жаңылыктар жана видеолор Kaktus.media Telegram каналында Редакцияг

Эл аралык Ишкер Кеңеши (ЭИК) жылдык IBC Summer Fest 2026 фестивалын өткөрдү. Иш-чарага бизнестин, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун жана эксперттик коомчулуктун 400дөн ашык өкүлдөрү катышты Дагы жаңылыктар жана видеолор Kaktus.media Telegram каналында Редакцияга келген пресс-релизде айтылгандай, фестиваль ишкердикти өнүктүрүү, санариптик экономика, финансылык технологиялар жана бизнес кызматташуунун жаңы формаларын талкуулоо үчүн аянтча болуп калды ЭИК Аткаруучу директору Аскар Сыдыков белгилегендей, тез өзгөрүп жаткан экономикада профессионалдык баарлашуу жана жаңы өнөктөштөрдү табуу үчүн платформалар өзгөчө роль ойнойт "IBC Summer Festтин жаңы форматы ЭИКтин бизнес байланыштарын өнүктүрүү жана бизнес-коомчулуктун ичиндеги өнөктөштүктү бекемдөө үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү каалоосун чагылдырат" деди ал Быйыл фестиваль биринчи жолу жайкы ачык асман алдында өткөрүлдү. Катышуучулар үчүн тематикалык байланыш аймактары, мастер-класстар, интерактивдүү аянтчалар, спорттук жана чыгармачылык иш-чаралар, ошондой эле концерттик программа уюштурулду Иш-чаранын алкагында ЭИКтин жаңы мүчөлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Ассоциацияга эл чарбасынын ар турдуу тармактарынын екулдеру болгон ишканалар кошулду ЭИКтин маалыматы боюнча, ассоциация Кыргызстандын 160тан ашык алдыңкы компанияларын жана 100дөн ашык өнөктөштөрдү, анын ичинде мамлекеттик органдарды, эл аралык уюмдарды, коомдук бирикмелерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү бириктирет
Diğer Haberler

ЖМК: АКШ меморандумга кол койгондон кийин Иранга мунай сатууга уруксат берет

АКШнын күчтүү ысымдары жашыруун коомдо жолугуп, анын чоо-жайы ачыкка чыккан: “Ядролук куралды кайра алып кел”, “Салт башта” тематикалык жолугушуулар, матчтык кызматтар... | T24
