Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

HRW: Кыргызстандагы мыйзам долбоору трансгендерлердин укуктарын чектеши мүмкүн

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Кыргызстанда ушу тапта каралып жаткан мыйзам долбоору трансгендер адамдардын укуктарын олуттуу чектей турганын билдирди Бул тууралуу уюмдун 15-июнда жарыяланган билдирүүсүндө белгиленет Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 4-июнда биринчи окуудан өткө

0 көрүүazattyk.org
HRW: Кыргызстандагы мыйзам долбоору трансгендерлердин укуктарын чектеши мүмкүн
Paylaş:

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Кыргызстанда ушу тапта каралып жаткан мыйзам долбоору трансгендер адамдардын укуктарын олуттуу чектей турганын билдирди Бул тууралуу уюмдун 15-июнда жарыяланган билдирүүсүндө белгиленет Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 4-июнда биринчи окуудан өткөн. Ал күчүнө кириши үчүн дагы эки окуудан өтүп, президент кол коюшу керек. Укук коргоочулар парламент мыйзамды жайкы тыныгууга чейин тез арада кабыл алып коюшу мүмкүн деп кооптонуп жатат HRW уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиеванын айтымында, мыйзам долбоору трансгендер адамдар тууралуу жаңылыш түшүнүктөргө негизделген жана алардын жашоосуна түздөн-түз терс таасир тийгизиши мүмкүн Уюмдун маалыматында, Кыргызстанда 2020-жылга чейин адамдын жынысын документтерде өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар болчу. Кийин мыйзамдан алынган. Андан бери мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалагандар сот аркылуу гана аракет кылат. Ал эми 2024-жылы гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алган медициналык жардам 25 жаштан жогоруларга гана жеткиликтүү болуп калган Human Rights Watch мыйзам долбоору кабыл алынса, трансгендер адамдар жумушка орношууда, билим алууда, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууда жана турак жай маселелеринде басмырлоого көбүрөөк кабылышы мүмкүн экенин белгиледи Уюм ошондой эле документтеги айрым жоболор Кыргызстан ратификациялаган эл аралык келишимдерге, анын ичинде Баланын укуктары жөнүндө конвенцияга жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка каршы келиши мүмкүн деп эсептейт Быйыл 15-майда Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча эксперттери да мыйзам долбоорунун негизги жоболору Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине туура келбей турганын билдиришкен Азырынча мыйзам долбоору боюнча Кыргызстандын бийлиги жана демилгечилери Human Rights Watch уюмунун билдирүүсүнө комментарий бере элек

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler