Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Доклад: Ядролук державалар ездерунун арсеналдарын модернизациялоону улантып жатышат

Өзөктүк куралы бар тогуз мамлекет 2025-жылы өзөктүк арсеналдарын модернизациялоо жана кеңейтүү боюнча программаларын улантышты Бул тууралуу Стокгольм эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) баяндамасында айтылат, деп билдирет AZERTAc SIPRI маалыматы боюнча, 2026-жылдын январына карата д

0 көрүүazertag.az
Доклад: Ядролук державалар ездерунун арсеналдарын модернизациялоону улантып жатышат
Paylaş:

Өзөктүк куралы бар тогуз мамлекет 2025-жылы өзөктүк арсеналдарын модернизациялоо жана кеңейтүү боюнча программаларын улантышты Бул тууралуу Стокгольм эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) баяндамасында айтылат, деп билдирет AZERTAc SIPRI маалыматы боюнча, 2026-жылдын январына карата дүйнөдө 12 187 ядролук дүрмөт болгон. Алардын 9 миң 745и резервде болсо, 4 миң 12ге жакыны ракета жана аскердик учактарга жайгаштырылды. Жогору күжүрмөн даярдыктагы дүрмөттөрдүн көбү Орусия менен АКШга таандык Докладда кансыз согуштан кийин глобалдык өзөктүк запастардын кыскаруу тенденциясы жакынкы жылдарда өзгөрүшү мүмкүн экени белгиленет. Мунун башкы себеби — ядролук жацы куралдарды жайгаштырууну тездетуу жана эски системаларды эксплуатациялоонун темпинин начарлашы SIPRI билдиргендей, Орусия менен Америка Кошмо Штаттары биргелешип дүйнөдөгү жарактуу өзөктүк дүрмөттөрдүн 83 пайызына ээ. 2025-жылы эки өлкөдө тең арсеналдардын көлөмү салыштырмалуу туруктуу бойдон кала турганына карабастан, масштабдуу модернизациялоо программалары жүрүп жатат Институттун маалыматы боюнча, Кытайда 620дай өзөктүк дүрмөт бар жана анын арсеналындагы эң тез өнүгүп жаткан өлкө. Индия менен Пакистан да өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн арттырышууда, ал эми Түндүк Корея өзөктүк программасын өнүктүрүүнү улантууда Докладда Улуу Британия, Франция жана Израилдин да өзөктүк күчтөрүн модернизациялоо багытында кадам таштаганы баса белгиленген 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек

Kaynak: azertag.az

Diğer Haberler