Хантавирус жуктурган круиздик кеме Кабо-Верде сууларынан чыгып кетти
Бортунда хантавирус жуккан MV Hondius круиздик кемеси Кабо-Верде сууларынан чыгып, Испаниянын Канар аралдарын көздөй бет алды. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги билдирди Маалыматтарга караганда, кеме Тенерифедеги Гранадилла портуна үч күндүн ичинде жетиши керек Кабо-Верденин бийликтери кемени бор

Бортунда хантавирус жуккан MV Hondius круиздик кемеси Кабо-Верде сууларынан чыгып, Испаниянын Канар аралдарын көздөй бет алды. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги билдирди Маалыматтарга караганда, кеме Тенерифедеги Гранадилла портуна үч күндүн ичинде жетиши керек Кабо-Верденин бийликтери кемени борбор Прая портуна киргизбей коюшкан жана ал портко жасалган рейдде үч күнгө жакын казыкта калган Даярдоо иштеринен кийин хантавируска шектелген үч адам, Улуу Британиянын, Германиянын жана Нидерландиянын жарандары палубадан эвакуацияланган. Аларды Нидерландияга жана Канар аралдарына атайын медициналык каттамдар менен жөнөтүү үчүн Прайа эл аралык аэропортуна жеткирилген. Алардын экөөнүн абалы оор экени айтылууда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кемеде хантавирус инфекциясынын сегиз учуру катталганын жарыялады. Оору жуккандардын үчөө каза болду Түштүк Африканын саламаттыкты сактоо министри Аарон Мотсоаледи эксперттер өлүмгө себеп болгон хантавирустун түрүн аныкташканын айтты. Сөз адамдан адамга жакын байланышта жугуучу «Анд» штаммы жөнүндө болуп жатат
Diğer Haberler

Казакстанда көп кабаттуу үйлөрдү жылытууга газдын баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет - Vlast аналитикалык онлайн журналы

Украина Орусиянын 9-майдагы ок атышпоо келишимин кабыл албайт
