Элдин кирешесин жогорулатуу боюнча атайын план кабыл алынган
Казакстандыктардын реалдуу кирешесин жогорулатууга багытталган атайын план кабыл алынган. Бул тууралуу өкмөттө өткөн маалымат жыйынында Улуттук экономика министринин биринчи орун басары Азамат Амрин билдирди. Документ алты негизги багыт боюнча 59 чараны камтыйт. Тактап айтканда, айлык акыны жогорула

Казакстандыктардын реалдуу кирешесин жогорулатууга багытталган атайын план кабыл алынган. Бул тууралуу өкмөттө өткөн маалымат жыйынында Улуттук экономика министринин биринчи орун басары Азамат Амрин билдирди. Документ алты негизги багыт боюнча 59 чараны камтыйт. Тактап айтканда, айлык акыны жогорулатуу, инфляцияны азайтуу, калктын кредиттик жүгүн азайтуу, адамдык капиталды өнүктүрүү жана сапаттуу жумуш орундарын көбөйтүү пландалууда. Ошону менен бирге салык жана социалдык саясатты өркүндөтүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Эксперттердин айтымында, пландын негизги максаты жарандардын кирешесин жогорулатуу гана эмес, алардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жана социалдык абалын жакшыртуу болуп саналат. Ошондой эле бюджеттен каржылануучу тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуунун эсебинен жеке сектордо эмгек акынын көлөмүн көбөйтүү каралууда Эрдилда Таутенов, Экономикалык изилдеелер институтунун башкармасынын председателинин орун басары: Адистер элдин кирешесин көбөйтүү менен бирге кредиттик жүктү азайтуу да маанилүү экенин айтышат. Анткени бүгүнкү күндө казакстандыктардын банктарга болгон карызы 27,5 триллион теңгеге жетти. Адистердин баамында, кирешенин өсүшү жана инфляциянын басаңдашы элдин насыяларды төлөө мүмкүнчүлүгүн жакшыртат. Бул өз кезегинде тургундардын бакубаттуулугун жогорулатып, ички керектөө рыногун өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизиши керек


