Хакан Фидан Жейхун Байрамовго көңүл айтты
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Азов деңизинде жүк ташуучу кемелерге учкучсуз учуучу аппараттын кол салуусунан каза болгон Азербайжан жарандарына байланыштуу Азербайжанга көңүл айтты Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркия-Азербайжан-Грузия тышкы иштер министрлери

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Азов деңизинде жүк ташуучу кемелерге учкучсуз учуучу аппараттын кол салуусунан каза болгон Азербайжан жарандарына байланыштуу Азербайжанга көңүл айтты Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркия-Азербайжан-Грузия тышкы иштер министрлеринин 10-жыйынынын алкагында өткөн маалымат жыйынында билдирди Белгилей кетсек, Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, 5-июнда Азов деңизинде учкучсуз учактардын чабуулдарынын натыйжасында «Натра» жана «Циркон» жүк ташуучу кемелеринде 25 Азербайжан жараны жарадар болуп, 4 адам каза болгон. Сөз болуп жаткан кемелердин Азербайжан мамлекетине таандык эместиги да айтылды


