Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды коомдук жайларда тартипти сактоого чакырды
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаанын тургундарын жана конокторун коомдук тартипти сактоого, тыюу салынган жерлерде тамеки тартпоого жана жүрүм-турум эрежелерин бузбоого чакырды Борбор калаанын милициясы маалымдагандай, профилактикалык иштерге карабастан, айрым жарандар коом

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаанын тургундарын жана конокторун коомдук тартипти сактоого, тыюу салынган жерлерде тамеки тартпоого жана жүрүм-турум эрежелерин бузбоого чакырды Борбор калаанын милициясы маалымдагандай, профилактикалык иштерге карабастан, айрым жарандар коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин бузуп, башкаларга ыңгайсыздыктарды жаратууда Борбордук ички иштер башкармалыгы мыйзамда белгиленген жерлерде тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти. Ошондой эле жарандарды тазалыкты сактоого жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүүгө чакырды Милициядан билдиришкендей, кызматкерлер күн сайын профилактикалык жана рейддик иш-чараларды өткөрүшөт. Тыюу салынган жерлерде тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү жана башка укук бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы мыйзамды жана маданий нормаларды сактоо ар бир жарандын милдети экенин баса белгиледи


