Гутерриш энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү тездетүүгө чакырды
Кайра жаралуучу энергияга өтүүнү тездетүү керек Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 5-июнь - Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган конференцияга видеокайрылуусунда билдирди "Бириккен Улуттар Уюмунун Курчап турган чөйрөнү коргоо программасы (ЮНЕП) ада

Кайра жаралуучу энергияга өтүүнү тездетүү керек Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 5-июнь - Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган конференцияга видеокайрылуусунда билдирди "Бириккен Улуттар Уюмунун Курчап турган чөйрөнү коргоо программасы (ЮНЕП) адамдардын өмүрүн сактап калуу, адамдарды коргоо жана экономиканы чыңдоо үчүн өкмөттөр менен иштешет" деди ал Анын айтымында, парник газдарын чыгаруу кескин кыскарып, энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү тездетүү керек: «Биз туруктуу жана арзан энергетикалык чечимдерди ишке ашырып, реалдуу энергетикалык коопсуздукту камсыз кылышыбыз керек Эң тез жана эң үнөмдүү жол мурунтан эле белгилүү жана ишке жарамдуу чечимдер бар. Ошондой эле токойлорду, жерлерди жана деңиздерди коргоо жана коомчулуктарга климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жардам берүү маанилүү, бул жыл сайын кыйратуучу таасирин тийгизүүдө», - деди Гутерриш Текстте ката байкадыңызбы? Текстти тандап, тергичтен Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз