Жүк ташуучу унаа Бишкекте жана анын чет жакаларында электр жарыгын өчүрүүгө түрттү
Бишкекте жана анын чет жакаларында массалык түрдө электр энергиясы өчүрүлдү. Буга 110 кВ жогорку вольттогу “Парковая – Ала-Арча” электр чубалгысынын бузулушу себеп болгон, деп билдирет 24.kg «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКдан билдиришкендей, окуя No23 жана №24 тирөөчтөрдүн ортосунда бол

Бишкекте жана анын чет жакаларында массалык түрдө электр энергиясы өчүрүлдү. Буга 110 кВ жогорку вольттогу “Парковая – Ала-Арча” электр чубалгысынын бузулушу себеп болгон, деп билдирет 24.kg «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКдан билдиришкендей, окуя No23 жана №24 тирөөчтөрдүн ортосунда болуп, HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа аба электр чубалгысын бузуп, электр жарыгы үзгүлтүккө учураган Натыйжада Бишкек шаарынын, анын чет жакаларынын жана Чүй облусунун керектөөчүлөрүнүн 70%ы убактылуу электр энергиясыз калды «Учурда кырсык болгон жерде авариялык-куткаруучу бригадалар иштеп, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат», - деп билдирди энергетикалык компания Буга чейин Курсив Бишкектин тургуну Казакстанга күтүүсүздөн 300 миң доллар карыз болуп калганын жазган


