Аятоллалардын коркунучтуу арсеналы
Иранда дагы эле миңдеген баллистикалык ракеталар бар, аларды жер астындагы бункерлерде жайгашкан учургучтар калыбына келтирилгенден кийин колдонууга болот. Бул тууралуу ишемби күнү, 11-апрелде The Wall Street Journal америкалык чалгын кызматындагы булактарына таянып жазып чыкты Басылманын айтымынд

Иранда дагы эле миңдеген баллистикалык ракеталар бар, аларды жер астындагы бункерлерде жайгашкан учургучтар калыбына келтирилгенден кийин колдонууга болот. Бул тууралуу ишемби күнү, 11-апрелде The Wall Street Journal америкалык чалгын кызматындагы булактарына таянып жазып чыкты Басылманын айтымында, Ирандын аткычтарынын жарымына жакыны согуш учурунда талкаланып, бузулуп же урандылардын астында калганына карабастан, алардын олуттуу бөлүгүн оңдоого жана жерден алып чыгууга болот Басылма келтирген АКШ менен Израилдин расмий өкүлдөрү Ирандын ракеталык арсеналы согушка чейинки деңгээлге салыштырмалуу эки эсеге кыскарганына карабастан, Тегеранда дагы эле жакынкы жана орто аралыкка атуучу миңдеген баллистикалык ракеталар бар экенин белгилешет. Алардын көбү жер астындагы туннелдердин жана чептүү кампалардын кеңири тармагында жашырылган Докладда ошондой эле АКШ администрациясынын кээ бир өкүлдөрүнүн Иран азыркы токтоп турган жана ок атышпоо режимин өзүнүн ракеталык запастарын калыбына келтирүү жана бузулган инфраструктураны оңдоо үчүн колдонууну көздөп жатканы боюнча тынчсыздануулары баса белгиленет


