Азербайжандын жарандары Сириядан кайтып келишти - Тышкы иштер министрлиги
Азербайжан өкмөтү тарабынан 7, 9 жана 11-июнь күндөрү көрүлгөн чаралардын натыйжасында Азербайжан Республикасынын 23 жараны (7 аял жана 16 бала) Сириядан мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги билдирди Маалыматка ылайык, репатриация процессинин алгачкы этабында Азер

Азербайжан өкмөтү тарабынан 7, 9 жана 11-июнь күндөрү көрүлгөн чаралардын натыйжасында Азербайжан Республикасынын 23 жараны (7 аял жана 16 бала) Сириядан мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги билдирди Маалыматка ылайык, репатриация процессинин алгачкы этабында Азербайжан Республикасынын репатрианттарынын турган жери, өздүгү жана жарандыгы аныкталган. Сирия жана Түркиядагы Азербайжан элчиликтери менен Стамбулдагы Башкы консулдук координациялоо иштерин жүргүздү; Азербайжандын жарандарына «Азербайжан Республикасына кайтуу күбөлүктөрү» жана авиа билеттери тапшырылды Чет мамлекеттерде кризистик кырдаалга кабылган Азербайжан жарандарын мекенине кайтаруу боюнча жооптуу мамлекеттик органдардан турган жумушчу топтун мүчөлөрү Сирияга жөнөтүлүп, репатрианттарга алгачкы медициналык-психологиялык экспертиза жүргүзүлдү Тышкы иштер министрлиги “чет мамлекеттердин аймагындагы куралдуу кагылышуулардын курмандыгы болгон Азербайжан Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча зарыл чараларды көрүү улантыла берерин” белгиледи