Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Мамлекеттик кызматкерлердин өздөрү да фейк аккаунттар менен байланышы бар, - депутат Атажанов

Turmush - Мамлекеттик кызматкерлердин өзүлөрү фейк аккаунттар менен алектенишет, деп билдирди депутат Ырысбек Атажанов Жогорку Кеңештин Илим, билим, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында Комитет 8-июнда айрым мыйзам акты

0 көрүүakipress.org
Мамлекеттик кызматкерлердин өздөрү да фейк аккаунттар менен байланышы бар, - депутат Атажанов
Paylaş:

Turmush - Мамлекеттик кызматкерлердин өзүлөрү фейк аккаунттар менен алектенишет, деп билдирди депутат Ырысбек Атажанов Жогорку Кеңештин Илим, билим, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында Комитет 8-июнда айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карады, атап айтканда, санариптик далилдер түшүнүгүн киргизүү Депутат Салтанат Аманова социалдык тармактардагы жалган маалымат боюнча маселени көтөрдү. Анын фейк жаңылыктар боюнча бир катар суроолоруна бөлүм башчылардын орун басарлары жооп беришти. Аманованын суроосуна комментарий берип жатып, депутат Атажанов социалдык тармактар ​​ачык аянтчага айланганын айтты. "Фейк аккаунттар аркылуу ар кандай адамдар каралат, мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген жарандарыбыз каралат. Мамлекеттик кызматта иштегендер сөзсүз түрдө фейк аккаунттар менен байланышып, аларга буюртма беришет", — деди ал Депутат жалпы коомчулукту киберкылмыштуулук менен күрөшүүгө чакырып, бул көйгөй бир гана Ички иштер министрлигине тиешелүү эмес экенин билдирди. «Киберкылмыштуулуктун ыкмалары көбөйүүдө, биз коомдо түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүшүбүз керек Көбүнчө өспүрүмдөр, лицейлердин жана ЖОЖдордун студенттери, аймактардан келген коноктор, ошондой эле ата-энеси Россияда жүргөн балдар киберкылмыштуулуктун катышуучуларына айланышат. Аларга 3-4 миң сом керек болуп, банк карталарын, сим-карталарын сатып, ошону менен тагдырын садага чаап жатышат Аймактардан келген студенттер жабырланбашы үчүн ЖОЖдордун ректорлоруна жана жетекчилигине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшыруу керек», - деп жыйынтыктады Атажанов

Diğer Haberler