Мамлекеттик каржы көзөмөл органы TengriCoin криптобиржасынын лицензиясын жокко чыгарды
КР Экономика министрлигине караштуу Финансылык көзөмөл мамлекеттик кызматы «TengriCoin» ЖАКтын виртуалдык активдерди сатуу оператору – криптобиржа катары иштөөгө лицензиясын жокко чыгарды. Чечим мыйзамды системалуу түрдө бузуу, жөнгө салуучу органдын талаптарын аткарбоо жана белгиленген отчеттуулукт

КР Экономика министрлигине караштуу Финансылык көзөмөл мамлекеттик кызматы «TengriCoin» ЖАКтын виртуалдык активдерди сатуу оператору – криптобиржа катары иштөөгө лицензиясын жокко чыгарды. Чечим мыйзамды системалуу түрдө бузуу, жөнгө салуучу органдын талаптарын аткарбоо жана белгиленген отчеттуулукту бербөө боюнча көзөмөлдүк иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча кабыл алынды Жокко чыгарууга “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31 жана 32-беренелери негиз болгон. Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматы ошондой эле рыноктун катышуучуларына отчеттуулуктун талаптарын жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча ченемдик укуктук актыларды сактоо зарылдыгын эскертти Лицензия жокко чыгарылгандан кийин виртуалдык активдерди соодалоо оператору ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө кардарлар менен эсептешүүлөрдү бүтүрүүгө жана виртуалдык активдерди соодалоо операторунун иши жөнүндө жободон келип чыккан жөнгө салуучунун башка талаптарын аткарууга милдеттүү
Diğer Haberler

Бишкек мэриясы май куюучу жайларды шаардын чегинен тышкары жылдырууну пландоодо. Унаа ээлери эмне деп ойлошот?

Өзбекстан Евразия экономикалык биримдигин тоскоолдуксуз соодага жана жашыл өнөр жай трансформациясына көмөктөшүүгө чакырат
