Кыргызстандагы 13 медициналык университет мамлекеттик аккредитациядан өткөн жок
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоонун жыйынтыгын чыгарды: 4 ЖОЖ 6 жылга, дагы 7 университет 1 жылга аккредитациядан өттү, 13 билим берүү уюму бааланган жок Аккредитация 2026-жылдын май айында медициналык билим берүүнү р

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоонун жыйынтыгын чыгарды: 4 ЖОЖ 6 жылга, дагы 7 университет 1 жылга аккредитациядан өттү, 13 билим берүү уюму бааланган жок Аккредитация 2026-жылдын май айында медициналык билим берүүнү реформалоонун жана саламаттыкты сактоо тармагында адистерди даярдоого мамлекеттик монополияны киргизүүнүн алкагында жүргүзүлгөн Жалпысынан Кыргызстанда медициналык билим берүү программаларын 34 жогорку кесиптик билим берүү уюмдары ишке ашырат. Алардын 12си мамлекеттик, 22си мамлекеттик эмес. Мамлекеттик аккредитациядан өтүүгө 24 билим берүү уюму арыз берген Мамлекеттик аккредитация бирдиктүү критерийлер боюнча жүргүзүлөт. Саламаттык сактоо министрлиги кадрларды, клиникалык аянтчалардын, материалдык-техникалык ресурстардын, билим берүү программаларынын болушуна, окуу процессинин уюштурулушуна жана адистерди даярдоонун сапатынын башка көрсөткүчтөрүнө баа берет


