Айлыксыз жыл: Нарында жол куруучулар президенттен жардам сурашат -
24.kgге 2025-жылы Нарын шаарынын жолдорун реконструкциялоого катышкан атайын техникалардын ээлери жана айдоочулар дагы эле айлык маяналарын ала электигин айтышты Жумушчулардын биринин айтымында, ал өзүнүн атайын техникасы менен «Бета Групп» ЖЧКсы менен келишимдин негизинде Ленин жана Шералиев көчө

24.kgге 2025-жылы Нарын шаарынын жолдорун реконструкциялоого катышкан атайын техникалардын ээлери жана айдоочулар дагы эле айлык маяналарын ала электигин айтышты Жумушчулардын биринин айтымында, ал өзүнүн атайын техникасы менен «Бета Групп» ЖЧКсы менен келишимдин негизинде Ленин жана Шералиев көчөлөрүн реконструкциялоого катышкан «2025-жылдын август айында ишкананын жетекчиси Мирлан Амантуров кармалып, 2026-жылдын февраль айында бошотулган, бирок ошондон бери анын тапкан акчасын ала албай жатабыз», - деди ал Президент Садыр Жапаровго кайрылууда жумушчулар кырдаалды жеке көзөмөлүнө алып, карызды төлөөгө көмөк көрсөтүүнү суранышат Эске сала кетсек, 2025-жылы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен транспорт министринин орун басары Талант Солтобаев жана «Бета Групп» компаниясынын жетекчиси Мирлан Амантуров кармалган. Буга Нарын шаарындагы жол иштеринин өз убагында бүтпөй жатышы себеп болгон Жаңылыктарды WhatsAppка жөнөтүү аркылуу билдирсеңиз болот


