Түштүк Кипрде жылдын алгачкы 5 айында 72 килограмм баңгизат колго түшүрүлдү
Харавги гезитинин кабарына караганда, Греция полициясынын наркотикалык бөлүмүнүн директору Христос Андреу, быйыл аныкталган баңгизаттардын санынын көбөйгөнүн, өзгөчө жут жана кокаин жүгүртүүсүндө өсүү байкалганын айтты Өткөн жыл ичинде жалпысынан 52 килограмм баңгизат кармалганын эске салган Андре

Харавги гезитинин кабарына караганда, Греция полициясынын наркотикалык бөлүмүнүн директору Христос Андреу, быйыл аныкталган баңгизаттардын санынын көбөйгөнүн, өзгөчө жут жана кокаин жүгүртүүсүндө өсүү байкалганын айтты Өткөн жыл ичинде жалпысынан 52 килограмм баңгизат кармалганын эске салган Андреу, быйылкы жылдын биринчи беш айында гана кармалган баңги затынын көлөмүнүн 72 килограммга жеткенин белгиледи Кабарда дары базарында жаңы түрү катары кабыл алынган «каптагон» аттуу стимулдаштыруучу дары колдонууда да өскөндүгү белгиленди. Үстүбүздөгү жылдын башы менен кечээки күнгө чейин миңге жакын "каптагон" таблеткалары алынганы маалымдалган


