Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ИИМ башчылары баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кибер кылмыштуулукка каршы күрөштү талкуулашты
Turmush - Бүгүн, 5-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өттү, деп билдирди бүгүн, 5-июнда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Иш-чарага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын жетек

Turmush - Бүгүн, 5-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өттү, деп билдирди бүгүн, 5-июнда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Иш-чарага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын жетекчилери, ШКУнун Катчылыгынын, ШКУнун Регионалдык антитеррордук структурасынын Аткаруу комитетинин, Интерполдун жана КМШ мамлекеттеринин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү координациялоо бюросунун өкүлдөрү катышты Катышуучулар укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташууну талкуулашты, кылмыштуулуктун абалына баа беришти жана кызматташтыкты бекемдөө боюнча чараларды карашты Негизги темалардын бири баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү болду. Тараптар баңги заттардын трансчегаралык мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу жана синтетикалык баңги заттардын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен ишти күчөтүүгө даяр экендиктерин ырасташты Ошондой эле маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарга, анын ичинде жасалма интеллектти мыйзамсыз максаттарда колдонуу менен байланышкан коркунучтарга каршы күрөшүү маселелери талкууланды Жолугушуунун жыйынтыгында коопсуздук жана укук тартиби жаатында мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоочу протоколго кол коюлду


