Кыргызстан менен Беларустун Ички иштер министрлигинин жетекчилери киберкылмыштуулукка жана баңги аткезчилигине каршы күрөштү талкуулашты
Бишкек (АКИpress) – Бишкекте Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Беларусь Республикасынын ички иштер министри Иван Кубраков менен жолугушту Сүйлөшүүлөр ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйынынын алкагында өттү Ички иштер министрлиги билдирг

Бишкек (АКИpress) – Бишкекте Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Беларусь Республикасынын ички иштер министри Иван Кубраков менен жолугушту Сүйлөшүүлөр ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйынынын алкагында өттү Ички иштер министрлиги билдиргендей, тараптар укук коргоо тармагындагы кызматташууну, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты Ошондой эле кесиптик алмашууну өнүктүрүү жана биргелешкен окуу программаларын талкуулашты Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты


