Кыргызстан менен Өзбекстандын Маданият министрлигинин жетекчилери эки тараптуу кызматташууну талкуулашты
«Маданият» (АКИpress) - Ташкентте 5-июнда Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков С5+1 саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тарапт

«Маданият» (АКИpress) - Ташкентте 5-июнда Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков С5+1 саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана чыгармачылык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты Мамбеталиев өзбек тарапты Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин жыйынына, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды Министр ошондой эле Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында Өзбекстандын маданий делегациясын кабыл алууга даяр экенин билдирди


