Стамбулда Азербайжан, Грузия жана Түркиянын тышкы иштер министрлери чогулат
Дүйшөмбү күнү Стамбулда Азербайжан, Грузия жана Түркиянын тышкы иштер министрлеринин 10-жыйыны боло турганын Түркиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди Маалыматка ылайык, Хакан Фидан, Жейхун Байрамов жана Мака Бочоришвили үч өлкөнүн ортосунда түзүлгөн кызматташтыкты талкуулашат. Жыйындын күн тарти

Дүйшөмбү күнү Стамбулда Азербайжан, Грузия жана Түркиянын тышкы иштер министрлеринин 10-жыйыны боло турганын Түркиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди Маалыматка ылайык, Хакан Фидан, Жейхун Байрамов жана Мака Бочоришвили үч өлкөнүн ортосунда түзүлгөн кызматташтыкты талкуулашат. Жыйындын күн тартибиндеги негизги темалар аймактык процесстер, тышкы саясат маселелери жана Түштүк Кавказдагы кызматташтык, транспорт, аймактык транзиттик тармактарды жана энергетикалык коопсуздукту бекемдөө, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү болмокчу. Борбордук коридордогу аймактык транспорттук долбоорлорду, биринчи кезекте Баку-Тбилиси-Карс темир жол линиясын бекемдөөгө, логистикалык тармактарды өнүктүрүүгө жана транспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө көңүл бурулат


