Беларустун Ички иштер министрлигинин башчысына UPSM үлгүсүндөгү уникалдуу унаа көрсөтүлдү
Бишкек (АКИpress) – Беларустун ички иштер министри Иван Кубраковго борбор калаанын Патрулдук милиция башкармалыгынын жаңы кызматтык унаасы көрсөтүлдү, деп билдирди Беларустун Ички иштер министрлиги РИИБдин башчысы Борборбек Ташматов унаада жол эрежесин бузууларды алыстан жазууга: каршы тилкеге ч

Бишкек (АКИpress) – Беларустун ички иштер министри Иван Кубраковго борбор калаанын Патрулдук милиция башкармалыгынын жаңы кызматтык унаасы көрсөтүлдү, деп билдирди Беларустун Ички иштер министрлиги РИИБдин башчысы Борборбек Ташматов унаада жол эрежесин бузууларды алыстан жазууга: каршы тилкеге чыгып кеткен, жол чырактын тыюу салган белгисин этибарга албаган же ылдамдыкты чектен ашкан айдоочуларды аныктоого мүмкүндүк берүүчү видеокамера орнотулганын билдирди Мындан тышкары, камера коопсуздук курун тагынбай унаа айдап, унаа айдап баратып уюлдук телефон менен сүйлөшкөндөрдү да тааныйт. Ошондой эле издөөдө жүргөн адамдарды аныктайт Кошумчалай кетсек, жаңы патрулдук унаада тартип бузгандарды ташыган купе бар Кубраков 4-июндан 6-июнга чейин Бишкекте өткөн ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрликтеринин жетекчилеринин жыйынына катышты


