БШК башчысы ЕКПА өкүлүнө аралыктан добуш берүү үчүн жабдуулардын иштешин көрсөттү
Бишкек (АКИpress) – 5-июнда Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) мүчөсү, Кыргыз Республикасы боюнча баяндамачы Мариетта Караманли менен жолугушту БШКдан билдиришкендей, жолугушууг

Бишкек (АКИpress) – 5-июнда Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) мүчөсү, Кыргыз Республикасы боюнча баяндамачы Мариетта Караманли менен жолугушту БШКдан билдиришкендей, жолугушууга ошондой эле ЕКПАнын Саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин катчысы Евген Шонфилд, Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси Руслан Бекболотов, КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова жана Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери катышты 2025-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары, шайлоо системасын өнүктүрүү, шайлоо процесстеринин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу, гендердик өкүлчүлүк, жарандардын шайлоо активдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды Мариетта Караманли эл аралык байкоочулар миссияларынын отчетторунда чагылдырылган шайлоону техникалык жактан камсыз кылуу боюнча оң бааларды белгилеп, өлкөдө шайлоо технологияларын мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы суроолорго жооп берип жатып, 2025-жылдагы парламенттик шайлоого 58 өлкөдөн 800гө жакын эл аралык байкоочулар көз салганын билдирди. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасы салттуу түрдө шайлоо процессинин ачык-айкындуулук принциптерин карманып, эл аралык байкоочулардын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүүдө Жыйындын соңунда Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы аралыктан добуш берүү үчүн жабдуулардын иштешин көрсөтүп, анын техникалык өзгөчөлүктөрү жана колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди


